Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин администрациянын аппараттык жыйынын өткөрдү.
Жыйында өкмөттүк акселераторлордун алкагында 3 алгачкы реформага старт берилди.
Алар:
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө формалдуу эмес сектордо эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмгек мигранттары үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
- Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү;
- Билим берүү уюмдарында окуучуларды профилактикалык кароодон өткөрүүнү жана оорусу боюнча каттоого алууну санариптештирүү.
Мындан тышкары, учурда "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык системасы жана сыйлыктар жаатындагы процесстерди толугу менен электрондук форматка өткөрүү үчүн “Сыйлык” маалыматтык системасы иштелип чыгып ишке киргизилүүдө.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бул реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу, конкреттүү натыйжаларды көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.