Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынын жээгинде "Маданият достукка чакырат" аттуу эл аралык фестиваль өттү.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул иш-чара Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын маданият өкүлдөрүн бир сахнага чогултуп, коңшу элдердин ынтымагын жана байланыштарын чыңдоого багытталган.
Анда Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Аваз Акимов, Айдана Дека, Азиз Батыров, Өзбекстандын эл сүймөнчүгү Хамдам Собиров жана Кытайдын Самат Ранин баштаган өнөрпоздору көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Жергиликтүү тургундар жана алыстан келген меймандар үчүн бул кече маданий алаканын жана чыгармачыл кызматташтыктын чыныгы аянтчасына айланды.