Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бишкекке Түштүк Кореянын Кённам провинциясынын делегациясы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы билим берүү жана маданий алмашуу программасынын алкагында келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегациянын курамына 12 окуучу кирди. Аларды мектеп мугалимдери коштоп жүрөт.
№69 Т.Сатылганов атындагы мектепте делегация менен расмий жолугушуу өттү. Анда конокторго мектептеги корей тилинин өнүгүшү, кореялык билим берүү мекемелери менен эл аралык кызматташтык жана окуучулардын жетишкендиктери тууралуу айтылды.
Алмашуу программасынын алкагында Түштүк Кореядан келген окуучулар Бишкектеги окуучулардын үй-бүлөлөрүндө жашашат. Программа тажрыйба жана билим алмашуу, үй-бүлөлүк баалуулуктар, улуттук каада-салттар, маданият жана эки өлкөнүн жашоо образы менен таанышуу максатын көздөйт.
Кыргызстанда болгон мезгилде окуучулар кыргыз элинин маданияты менен жакындан таанышып, достук байланыштарды бекемдеп, маданияттар аралык баарлашуу тажрыйбасына ээ болушат.
Белгилей кетсек, №69 мектеп 2020-жылдан бери Бишкек шаарындагы Корей билим берүү борбору менен активдүү кызматташып келет. Учурда мектепте 272 окуучу корей тилин үйрөнөт. Сабактарды эки жергиликтүү мугалим жана эки ыктыярчы өткөрөт.
Окуучулар эл аралык TOPIK сынагына үзгүлтүксүз катышып, Корей билим берүү борбору уюштурган сынактардын жеңүүчүлөрү болуп келишет. Ошондой эле алар Түштүк Кореядагы билим берүү программаларына жана жайкы лагерлерге катышышат.
Мындан тышкары, апрель айында корей багытында окуган окуучулар жана мектеп жетекчилиги Сеул жана Кимхэ шаарларына барып, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашкан.