Кыргызстан менен Кореянын соода-технологиялык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Май 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Түштүк Кореянын заманбап технологиялары коюлган Кыргызстанда туруктуу иш жүргүзө турган эксклюзивдүү айыл чарба жана өнөр жай көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылышына катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, бул долбоор Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири экенин белгиледи. 

“Көргөзмөнүн негизги өзгөчөлүгү анын туруктуу иштөө форматы болуп саналат. Бул ата мекендик фермерлер, ишкерлер жана өндүрүш секторунун ишканалары үчүн Корея Республикасынын алдыңкы технологиялары, заманбап жабдуулары жана инновациялык чечимдери менен үзгүлтүксүз таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айыл чарбасына жана өнөр жайга экологиялык жактан таза, ресурстарды үнөмдөөчү жана жогорку натыйжалуу технологияларды киргизүү азыркы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири”, - деди Эрлист Акунбеков. 

Көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн Түштүк Кореянын 60тан ашуун ири компаниялары өздөрүнүн экспонаттарын алып келишкен. Туруктуу көргөзмө аянты Кыргызстандын Борбор Азия регионундагы соода-технологиялык кызматташтыктын маанилүү борборлорунун бири катары позициясын бекемдөөгө көмөктөшөөрү белгиленди.