Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Женевада климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин иш-чарасына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулган.
Саламаттык сактоо министри белгилегендей, климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн чоң чакырык. Буга байланыштуу медицина тармагын экологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу зарыл. Учурда ДССУ менен биргеликте тоолуу аймактардагы медицинанын туруктуулугун арттыруу үчүн "Тоолордогу ден соолук" демилгеси илгерилетилүүдө.
Ошондой эле министр тоолуу аймактарда баштапкы жана көчмө медицинаны, санариптештирүүнү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Климат менен ден соолукка байланыштуу суунун коопсуздугу, азык-түлүк туруктуулугу жана экологиялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
"Кыргызстан "Тоолордогу ден соолук2 демилгесин климат жана ден соолук боюнча глобалдык күн тартибине, анын ичинде 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" II Бишкек глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүнүн алкагында салым катары илгерилетүүнү улантууда", - деди Осмонов.