Кыргызстанда 42 жаңы оорукана курулууда

Ден соолук Загрузка... 03 Июль 2026 17:00
712623583_3860291907447313_3804703596855127381_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөдөгү медициналык мекемелердин инфраструктурасын жаңылоо боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

"Акыркы беш жылдын ичинде өлкө боюнча 21 саламаттык сактоо объектиси толугу менен бүткөрүлүп, элдин кызматына берилген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын булуң-бурчунда дагы 42 ири медициналык объекттин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул имараттар учурда курулуштун ар кандай этаптарында турат", - деди министр куттуктоосунда.

Министр белгилегендей, аталган курулуштардын ичинде Ош жана Талас шаарларында курулуп жаткан заманбап перинаталдык (төрөт) борборлору да бар. Мындан сырткары, өлкө боюнча эскирген ооруканаларды жана бейтапканаларды заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо иштери кызуу улантылууда.

"Мындай масштабдуу өзгөрүүлөр жана курулуштар акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагынын бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 млрд сомго жеткенинин аркасында мүмкүн болду. Бул каражаттар калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган", - деди ал.