Кыргызстанда криптовалюта жана блокчейн технологияларынын келечеги бар – экономист

Пикир Загрузка... 24 Октябрь 2025 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда криптовалюта жана блокчейн технологияларынын келечеги бар. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө, айрыкча жаштар жана IT адистер арасында криптовалюта жана блокчейн технологияларына кызыгуу артууда, Алдыда бул тармакты дагы өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны чыңдаш керек.

“Эгерде мамлекет бул багытта так саясат жүргүзүп, укуктук негиз түзүп, технологиялык инфраструктураны өнүктүрсө, Кыргызстан региондо бул тармак боюнча жогору деңгээлге жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда криптовалюталарга байланыштуу тобокелдиктер да бар, мындан улам баанын туруксуздугу, мыйзамсыз операциялардын коркунучу жана маалымат коопсуздугу сыяктуу маселелерди да эске алуу зарыл. Демек, Кыргызстандын бул жаатта иш-аракети туруктуу кадамдар менен өнүгүүгө багытталган болушу керек”, - деди Гүлназ Супаева.

Ошондой эле экономист Кыргызстан глобалдык крипто-колдонуу индексинде 151 өлкөнүн ичинен 19-орунда турарын белгилеп, бул тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөдө бир нече багыт боюнча иш жүргүзүү зарыл экенин айтты.

  • Мамлекеттик саясатты калыптандыруу;
  • Инфраструктураны өнүктүрүү;
  • Кадрларды даярдоо.

Гүлназ Супаеванын пикиринде, криптовалюта жана блокчейн технологиялары бир катар мамлекеттерде ар түрдүү деңгээлде өнүгүп жатат. Ар бир өлкө өзүнүн экономикасына, мыйзамдык тутумуна жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жол тандап алган.

Жалпысынан дүйнөлүк тенденцияда бул тармак чектелбей, тескерисинче, аны мыйзамдуу жана коопсуз негизде өнүктүрүү жагында иштер уланууда.