Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кореянын Graphy Inc. компаниясынын өкүлдөрү жана адистери менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугшуунун негизги максаты өлкөдөгү стоматологиялык жардамды жаңы деңгээлге көтөрүү болду.
Жолугушууда салттуу брекеттердин ордуна 3D-моделдөө жана заманбап элайнерлерди (тунук каппалар) киргизүү, тиш-жаак системасынын тубаса кемтиги бар балдарга жогорку технологиялуу жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу талкууланды.
Ошондой эле кыргызстандык дарыгерлерди кореялык алдыңкы технологиялар менен иштөөгө окутуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу.
"Биз Кореянын ортодонтиядагы инновациялык ыкмаларын жана санариптик чечимдерин өлкөбүздүн медицинасына киргизүүгө кызыкдарбыз", – деди Дамир Осмонов.
Соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Бул кадам Кыргызстандагы стоматология тармагынын келечеги үчүн чоң бурулуш болмокчу.