Кыргызстанда жер титиреди

Кырсык Загрузка... 15 Ноябрь 2025 10:20
1199006.a98583ca70f2c2f258cbd9c1637cfdac.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. 14-ноябрда саат 17:57де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Каратай айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Ош шаарынан чыгышка карай 2,5 чакырым аралыкта жайгашып, Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында 3,5 баллга, Ош шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.