Кыргызстандын ИДПсы 4 айда 602,8 млрд сомду түздү

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Май 2026 14:50
6a0ac55aaeecd (1).jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин администрациянын аппараттык жыйынын өткөрдү. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоолор боюнча 602,8 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,4 пайызга жогорулаганын белгиледи. Курулуш сектору 72,8 %га, кызмат көрсөтүүлөр 7,2 %га, айыл чарба 3,0 %га өсүп, өнөр жай тармагында өсүш 14,7 %ды көрсөткөн. 

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 128,6 млрд сомду түзүп, 69,7 %га өстү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү каржылоонун ички булактарынын 1,6 эсеге, ошондой эле тышкы булактарынын 2,4 эсеге көбөйүшү менен камсыз кылынды” – деген Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин ушул темпти кармоо зарылчылыгын белгиледи.