Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги адында өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча айрым маселелерге арналган жыйын өттү.
Отурумдун жүрүшүндө өлкө боюнча өнөр жай аймактарын жана индустриалдык парктарды өнүктүрүү маселелери, ошондой эле алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыздоо жана инвестицияларды тартуу боюнча учурдагы милдеттер каралды.
Өзгөчө Чүй облусунун аймагында түзүлүп жаткан өнөр жай зонасынын калыптануу жүрүшү жана бул аянтчада инвесторлор тарабынан пландалып, ишке ашырылуу алдында турган инвестициялык долбоорлор деталдуу талкууланды.
Жыйынга бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана аталган аймакта долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор катышты.
Анда долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы этаптарында келип чыккан маселелер, анын ичинде инфраструктуралык камсыздоо, мамлекеттик органдар жана ресурс менен камсыздоочу уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери көтөрүлдү.
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагын мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.