Маматалиев Улуттук хирургия борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Ден соолук Загрузка... 12 Май 2026 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү ишке ашырган дарыгерлер менен баарлашып, аталган операцияны башынан кечирген бейтаптардан да кабар алды. 

Ошондой эле Марлен Маматалиев медайымдарды бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Адам өмүрүн сактоо, бейтапка кам көрүү жана коомдун саламаттыгын чыңдоо – эң жоопкерчиликтүү жана ыйык кесиптердин бири. Бул тармакта медайымдардын орду өзгөчө. Анткени бейтаптын жанында күнү-түнү болуп, анын сакайып кетишине дем берип, мээримин төккөн дал ушул сиздерсиздер. Медайымдык кесип – бул жөн гана кызмат эмес, бул чоң сабырдуулукту, адамгерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган ыйык миссия", – деп кошумчалады ал. 

Андан тышкары, ал борбордун ишин көрүп, медициналык жабдуулардын абалы менен да таанышты. 

Дарыгерлер транспортология бөлмөсү чакан экенин айтышып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү максатында аны чоңойтуп берүүнү өтүнүштү. Ошону менен катар оорукананын бир бөлүгү эскиргендиги белгиленип, жаңылап берүү суранычы да көтөрүлдү. 

Төрага айтылган маселелер боюнча тийиштүү иштерди алып барарын билдирип, оңдоп-түзөө иштерине тармактык комитет менен бирге көмөктөшөрүн кошумчалады.