Манас шаарында сел жүрүп, турак жай жана соцобъекттерди каптады

Аймак Загрузка... 01 Май 2026 13:00
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 01.05.2026 /Кабар/. Күн мурун, 30-апрелде түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун жана 4 социалдык объектини каптаган.

ӨКМден билдиришкендей, Манас шаардык жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеринде сел кырсыгынын деңгээлин жана келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда турак жайлардан сел калдыктарын чыгаруу, аймактарды тазалоо жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жетекчилиги астында түзүлгөн ыкчам штаб тарабынан координацияланууда.

Бул иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер жана 24 техника тартылган.

Мындан тышкары, белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, иштер улантылууда.