Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-102-чакырымдарында изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изилдөөнүн башкы максаты аталган жолдо коопсуздукту жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу үчүн илимий сунуштарды даярдоо болуп саналат.
"Бул ирет адистер заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен тоо капталдарынын жогорку тактыктагы санариптик (3D) моделдерин түзүштү. Жаңы ыкма кар көчкүнүн пайда болуу аймактарын, кыймыл траекториясын жана негизги параметрлерин так эсептөөгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, алынган маалыматтар келечекте курула турган кар көчкүдөн коргоочу галереялардын так жайгашуусун илимий негизде аныктайт. Мындай заманбап ыкмалар Кыргызгидрометтин коопсуздукту камсыздоо жана инженердик чечимдерди кабыл алуу процессин жаңы деңгээлге чыгарды.