Нарында күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыктар текшерилди

Аймак Загрузка... 06 Июль 2026 10:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев облустун күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, шаар башчысы жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө иштерин, турак жайларды жылуулук системасына кошуу жана отканалардагы оңдоо иштеринин абалын жеринде көрдү.

Мындан тышкары, тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкты жана социалдык-экономикалык тармактарды көмүр отуну менен камсыздоону баштоо, отканаларды жана жылуулук түтүктөрүн өз убагында оңдоо, көп кабаттуу турак жайларды жылуулукка кошуу иштерин жакшыртуу милдеттендирилди.

Ошондой эле электр тармактар ишканасына электр чордондорун жана чубалгыларын оңдоп-жаңылоо иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү, электр энергиясын пайдалануу жана төлөмдөр боюнча анализ жүргүзүү аркылуу мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын алуу тапшырылды.

Жаңы курулуп жаткан турак жайлар менен социалдык объектилерди жылуулукка кошуу иштерин ылдамдатуу да күн тартибинде болду.

Белгилей кетсек, калкты көмүр менен камсыздоо маселеси өзгөчө көңүл борборунда болуп, муктаж жарандарды так аныктоо, алардын көмүр менен камсыз болушу боюнча маалыматтарды тактоо жана калган калктын керектөөсүн жабуу үчүн көмүр сатуу базаларын уюштуруу милдети коюлду.