Нарын шаарына 100 орундуу бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 16:32
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Нарын шаарына 100 орундуу бала бакча курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 108 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имарат салынат. Курулуш иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп, учурда биринчи кабаты тургузулду.

Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын май айында башталып, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.