Нарында мыйзамсыз теке аткандарга 300 миң сомдук доо коюлду

Укук тартиби Загрузка... 14 Май 2026 15:00
козерог-тоо_эчки-capricorn.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Нарында текеге мыйзамсыз аңчылык кылган факты катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармалып, алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.

Экосистемага келтирилген бул одоно зыян үчүн мыйзам бузуучуларга 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, чогултулган материалдар Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Мындай кылмыштар Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө калыбына келгис зыян келтирет.

иааприа