Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Быйыл Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн эл менен жолугушууда айтты.
Анын маалыматына караганда, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.
"Бул каражат айылдын жол инфраструктурасын жакшыртып, тургундардын жашоо-шарттарын олуттуу түрдө жакшыртууга өбөлгө болот", - деди ал.
Белгилей кетсек, учурда президенттин тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде эл менен жолугуп, жашоочулардын көйгөйлөрүн угушууда.