Ош облус башчысынын эл менен жолугушуусу Ноокатта башталды

Аймак Загрузка... 12 Май 2026 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаевдин жолугушуусу Ноокат районунда башталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы алгач Кулатов айыл аймагынын тургундары менен жолугуп, жашоочулар айыл чарба, турак жай, жайыт жерлери жана жер-суу маселелери сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Аймактын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этүүчү бул маселелерди чечүү үчүн Аманкан Кенжебаев тийиштүү мамлекеттик органдарга багытталган тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров аймактарды кыдырып келгенден кийин ар бир облустагы өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге эл аралап, көйгөйлөрдү жеринде угуп, чечүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык, 11-майдан тарта облус башчылары жана шаар мэрлери эл менен жолугуп, көтөрүлгөн маселелер жеринде чечилүүдө.