Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Ош облусу ички керектөө менен катар экспортту теңдештирүүгө умтулууда. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылы Ош облусу 85 млрд сомго өсүмдүктөрдү өстүргөн.
“Ар бир өскөн продукцияны экспортко чыгаруу тапшырмасын алганбыз. Ош облусу ички керектөө жана сыртка чыгаруу боюнча өлкөдө биринчи орунда турат. Учурда импорт 60-65%, экспорт 30-35%ды түзөт. Президент бизге экөөнү теңдештирүү, сыртка жиберүүнү дагы жок дегенде 50%га жеткирүү тапшырмасын койгон. Биз аны аткарууга аракет жасап жатабыз”,-деди облус башчысы.