Ошто бир убакта 13 сквер курулууда. Алар тамчылатып сугарылат

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 17:00
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 сквер курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Эс алуу аймактары июнь айында пайдаланууга берилет. Азыр сквер куруунун акыркы этабы жүрүп, гүл отургузулуп, көчөт эгилүүдө.

Скверлерде жашыл зоналар тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылат. Шаарга көрк бере турган гүлдөр Жашылдандыруу комбинатынын өздүк чарбасынан алынып жатат, анын ичинде учурда 400 даана гортензия гүлү эгилүүдө.