Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектепке 200 орундуу жаңы окуу имаратын куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кошумча имаратта окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Курулуш мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган.
Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, учурда Ош шаарында жалпысынан 17 мектептин курулушу жүрүүдө.
“Ош шаарында бир убакта 17 мектептин курулушунун жүрүп жатышы — бул чынында тарыхый учур. Биз шаардыктар үчүн заманбап мектептерди, бала бакчаларды, спорт жана социалдык объекттерди куруп, келечек муун үчүн бекем пайдубал түптөп жатабыз”, - деди ал.
Мындан тышкары, ушул жылы эле Ош шаарында жалпысынан 12 социалдык объект пайдаланууга берилет. Алардын катарына бала бакча, спорт зал, жаштар борбору жана башка маанилүү социалдык мекемелер кирет.