Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тургундар менен жолугушууда балдардын коопсуздугу жана алардын келечегине болгон мамилени өзгөртүү маселесин көтөрдү.
Шаар башчысы коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам кайгылуу окуялар катталып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Каналдарды текшерүү учурунда жергиликтүү тургундар былтыр үч бала, мурдагы жылы төрт бала сууга агып кеткенин айтышты. Бул биз үчүн жөн гана статистика болбошу керек. Же болбосо, жол чырак жоктугунан улам балдарды унаа сүзүп кеткен учурлар бар. Ата-эне жана мамлекет үчүн баладан өткөн баалуу эч нерсе жок. Бардык жетекчилер, ата-энелер жана коомчулук балдардын коопсуздугуна болгон көз карашын өзгөртүүсү зарыл", – деди мэр.
Ошондой эле Акаев балдардын бактылуу балалыгы жана татыктуу билим алуусу үчүн бардык тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирди.
"Жакынкы арада шаардын кичинекей тургундары үчүн бир катар жагымдуу жаңылыктар болот", - деди ал.