Ошто шаар күнүнө карата дагы 10 сквер ачылат

Аймак Загрузка... 03 Июль 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-06-08 at 14.20.43 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 сквер ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы сквер пайдаланууга берилген.

"Бүгүн дагы 10 сквер курула турган жерлер аныкталды. Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Мэр Жанарбек Акаев бүгүн бардык локацияларды жеринен көрүп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Скверлерди куруу иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Максат — шаардын ар бир тургуну үчүн жайлуу, коопсуз жана жашыл эс алуу жайларын түзүү.