Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Ош шаарынын Сары-Зоо тилкесинде жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган.
Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат.
Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70 куруучу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашык окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы мектеп тартыштыгын жоюп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.