Оштун Кызыл-Кыштак айыл аймагында балдар ооруканасы курулат

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 13:20
5.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек,14.05.26. /Кабар/. Жакында Ош шаарынын Кызыл-Кыштак аймагында балдар ооруканасы курулат. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев бүгүн эл менен жолугушууда айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында тургундар көбүнчө инфраструктуралык багыттагы суроолорду беришип, шаар башчысынан жеринде жооп алышты.

Ошондой эле шаар тургундары билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү, социалдык обьектилердин жетишсиздигин да козгошту.

Жанарбек Акаев билим берүүгө өзгөчө көңүл буруларын, быйыл аймакта 4 мектептин курулушу бүтөрүн билдирди.

Эске салсак, быйыл шаар боюнча 17 мектеп курулуп жатат. Анын 10у Президенттин турукташтыруу фондунан каржыланган.

Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы шаардын батыш бөлүгүндө жайгашып, 47 миңден ашуун калк жашайт. Ага Жаңы-Турмуш, Андижан, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист, Керме-Тоо айылдары кирет.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолушуп, көйгөйлөрүндү жеринде чечишүүдө.