Парк, пляж, жайытта мототранспорттун жүрүүсүнө тыюу салынды

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Май 2026 13:10
4146690.d2d5c2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык аймактарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө киргизилди.

Тишелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө төмөнкү аймактарга киргизилди:

–    өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
–    парктык-пляждык зоналардын чектеринде;
–    жайыттарда.

Бул токтом автомобиль жолдору боюнча мототранспорт каражаттарынын кыймылын чектебейт. Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана орнотуу тартибинин талаптарын сактоо менен тоскоолдук кылбайт.

Мындан тышкары мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектебейт.