Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайдын Пекин шаарында "Кытай – Борбор Азия рухун өнүктүрүүдөгү мыйзам чыгаруу органдарынын ролу" темасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлери үчүн өткөрүлгөн семинарга катышты.
Парламенттен билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө катышуучулар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара байланышты тереңдетүү маселелерин, ошондой эле "Кытай – Борбор Азия" форматында жетишилген демилгелерди жана макулдашууларды илгерилетүүдөгү мыйзам чыгаруу органдарынын ролун талкуулашты.
Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закир менен жолугушту.
Анда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоонун, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.