Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 10:22
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.25./Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 15-16-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.