Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Сокулук районундагы Ак-Жол айылында кубаттуулугу 110/35/10 кВ болгон "Манас-2" жаңы көмөк чордонунун курулушу башталды. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ишканасынан билдиришти.
Жаңы энергообъект Бишкектин Фучик көчөсү жана Түндүк айланма жолунун тегерегиндеги аймактардын активдүү өсүшүнө байланыштуу электр кубаттуулугунун тартыштыгын жоюу максатында курулууда.
Көмөк чордонго 16 МВА болгон күч трансформатору орнотулуп, жалпы узундугу 3–4 чакырым болгон 110 кВ жана 35 кВ аба чубалгылары тартылат.
Объект 3 миңге жакын абонентти туруктуу электр энергиясы менен камсыздап, иштеп жаткан бир катар энергообъектилердин ("Ботбаева", "Манас", "Учхоз", "Ат-Башы") жүгүн азайтат.