Сузактык ишкер 12 гектар бакча өстүрүп, жергиликтүүлөрдү иш менен камсыз кылууда

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 13:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ишкер Насурулло Абулкасимов 2025-жылы "Абдулло" дыйкан чарбасын негиздеп, учурда 30га жакын адамды сезондук жумуш менен камсыз кылууда.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда анын дыйкан чарбасындагы шабдалы бышып, сатыкка чыкты.

Дыйкан чарба шабдалы, бадам, анар, алма, жүзүм, өрүк жана кара өрүк өстүрүүгө адистешкен. Бак заманбап агротехнологиялардын негизинде уюштурулуп, сапаттуу көчөттөр отургузулган. Чарбада өсүмдүктөрдү өз убагында сугаруу, азыктандыруу, бутоо жана илдеттер менен зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлөт.

Бактын жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Анын ичинен 6,3 гектар жер аянты №309 токтомдун негизинде министрликтин көзөмөлүнө өткөн жерлер болуп саналат.

"Чарбада 1000 куб метрлик бассейн орнотулуп, тамчылатып сугаруу системасы тартылган. Ишкер азырынча өндүргөн товарын жергиликтүү базарга сатууда. Келечекте аны экспортко чыгарууну пландап жатат",-деп айтылат маалыматта.