Таласта 1200 даана изолятор жаңысына алмаштырылды

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 11:00
11.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Талас облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 3500 даана эски фарфор изоляторлорду айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күндө анын 1200 даанасы жаңыртылды. Белгилей кетсек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1000 даанага көп.

Мындан тышкары, Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын техникалык тейлөө иштери улантылууда. Учурда пландалган 934 чакырымдын 485 чакырымында оңдоо иштери толук аяктады.

Бул иш-чаралар күз-кыш мезгилинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.