Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Таласта ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Текшерүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынган:
- 12 жана 16 калибрлүү (кесилген стволдуу) жылмакай мылтыктар — 2 даана;
- 3 даана кичине калибрлүү мылтык;
- 2 даана травматикалык тапанча (ПМ);
- 1 даана үн чыгаруучу граната;
- 71 даана 5,45 калибрлүү жана 26 даана 7,62 калибрлүү ок-дары.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.