Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Талас шаарында балдар жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн облустагы эң ири борборлордун бири боло турган "Баластан" оюн-зоок борборунун курулушу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында ар кандай аттракциондор, кинотеатр, боулинг, заманбап музейлер, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулат.
Долбоордо инклюзивдүү инфраструктурага да өзгөчө көңүл бурулган. Комплекстин аймагында майыптыгы бар балдар үчүн атайын оюн аянтчалары уюштурулат. Мындан тышкары, борбордо конокторду кыргыз тилинде тейлей турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.
"Баластан" оюн-зоок борборун быйылкы жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.