Таластагы "Беш-Таш” жаратылыш паркында асма аркан жолдор курулат

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында асма жолдорун (канатная дорога) куруу иштерин баштоого, кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, июнь айында асма жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс алуу борборунда узундугу 1 чакырым 380 метр болгон аркан жол, эс алуучулар үчүн атайын айнектен жасалган байкоо аянтчалары, кафе-ресторан жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулат.

"Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Талас шаарынан “Беш-Таш” эс алуу борборуна чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, бардык зарыл болгон инфраструктура курулат. Ошондой эле келечекте зиплайн жана родельбан орнотууну пландап жатабыз. Келечекте аталган долбоорду ишке ашырсак “Беш-Таш” өрөнүү туризмдин чордонуна айланат", - деп белгиледи ал.

Жумаев белгилегендей, Талас облусунун тарыхында биринчи жолу президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде асма жолдорун куруу пландалууда.