Түндүк – Түштүк унаа жолуна таш түшүп, жол убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 13 Май 2026 16:30
WhatsApp Image 2026-05-13 at 13.26.46.jpeg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында таш түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды.

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.