Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Токмок шаарында мыйзам бузуу менен курулуп жаткан объектинин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилигинен билдиришти.
Курулуш объекттеринин мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү иштеринин алкагында Токмокто ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштеринде мыйзам бузуулар аныкталган.
Тактап айтканда, жаран Х.Б.Х. курулуш-монтаждоо иштерин тиешелүү долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул өз кезегинде мыйзам талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле тиешелүү документтер толук таризделгенге чейин курулуш иштери токтотулду.