Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тейлөө пункттары жолдун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында курулат.
Жол тейлөө пункттары сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар, кыш мезгилинде көчкү түшүү тобокелдиги жогору аймактарда курулууда. Аталган пункттар авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
"Курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталды. Ал эми Сары-Камыш 261-чакырымдагы курулуш иштери тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат", - деп айтылат маалыматта.