Камсыздандыруу төлөмдөрү: Мифтердин артында жаткан реалдуу жардам

Коом Загрузка... 02 Июль 2026 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Өрт менен сел бекеринен тилсиз жоо деп аталбаса керек. Айттырбай келген бул кырсыктар ири чыгымдарга алып келип, айрым учурларда адам өмүрүн алуу менен коштолууда. Учурда күтүлбөгөн ар кандай кырсыктарда ишенимдүү колдоо берген турак жайды камсыздандыруу коомдун маанилүү муктаждыгына айланды. Акыркы жылдары сел, өрт жана жер титирөө сыяктуу кырсыктардын байма-бай катталышы камсыздандыруунун маанисин дагы күчөттү.

Каракол шаарынын тургуну Медеркүл Базаркулованын жаңы курган эки кабаттуу үйү өрттөн жабыркап, жакында эле мамлекеттен 650 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү берилди. Бир нече жыл эмгек менен чогулган мүлкү бир көз ирмемде зыянга учурагандыгын үй ээси “Кабар” агенттигине айтып берди.

“Ушул жылдын март айында Каракол шаарындагы турак үйүбүздө зымдын чыңалуусунан өрт чыгып, анын кесепетинен үйдүн жогорку кабаты толугу менен күйүп кетти. Бул үйдү балам 8 жыл бою Россияда иштеп жүрүп курган. Баламдын 8 жылдык эмгеги менен курулган турак жайыбыз бир заматта зыянга учурады. Бирок, 2025-жылдын июнь айында 1 миң 200 сом төлөп үйүбүздү Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу камсыздандырып койгонбуз. Ошондон улам, уюм бизге 650 миң сом камсыздандыруу төлөмүн төлөп берди. Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей, күтүүсүз болот экен. Камсыздандыруу бизге кыйын учурда жардам болду. Андан тышкары, эл жардам берди, кошумча насыя да алып, үйүбүздү калыбына келтирүүдөбүз”,- деди Базаркулова.

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, акыркы бир жыл ичинде жарандарга жана юридикалык жактарга 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн. Анын ичинен ОСАГО полиси боюнча төлөмдөр 100 млн сомдон ашкан. Мындан бир аз убакыт мурда “Кабар” агенттигинде 3 млн 195 миң 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттарды тапшырылды. Бул сумманын 792 миң сомдон ашыгы өрттөн жабыркаган турак жай ээсине берилген.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланова камсыздандыруу полиси күтүлбөгөн кырдаалдарда жарандардын каржылык коопсуздугун камсыз кыла тургандыгын билдирди.

“Акыркы жылдары өлкөдө сел жана өрт кырсыктары көбөйүүдө. Мындай учурларда полиси бар жарандардын чыгымдары камсыздандыруу компаниясы тарабынан жабылат. Ошондуктан унааны да, турак жайды да камсыздандыруу маанилүү”, - деди ал.

Дагы бир учур Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну Калыйман Исмаилованын турак жайы 2024-жылдын жай айларында жүргөн катуу селден жабыркап, камсыздандыруу аркылуу 500 миң сом төлөм алганын маалымдады.

“Айылда айрым турак жайлар сайга жакын жайгашкандыктан, тургундарга үй-жайыңарды камсыздандыргыла деп кеңеш берип келем. Кырсыктын бетин ары кылсын, бирок кырсык болуп кетсе камсыздандыруу жакшы жардам болот. Кийин сел жүрүп, биз камсыздандыруу төлөмүн алгандан кийин коңшулар камсыздандыруу керек экен деп калышты. 2024-жылы катуу жааган жамгырдан айылда сел жүрүп, турак жайыбыз жараксыз абалга келип калган. Биздин үй селдин нугунда жайгашкандыктан, бир метрге чейин суу каптап кетти. Азыр каражатыбызды топтоп үйүбүздү тургузуп жатабыз. Айыл жеринде 600 сом төлөп камсыздандырып, 500 миң алганыбыз үйдүн ишинин көп жерине жетти. Үйүбүз курулуп бүтсө, кайрадан камсыздандырабыз”,- дейт айыл тургуну.

Камсыздандырууну салык эмес, кепилдик катары кабыл алуу керек. Бул тууралуу Камсыздандыруучулар ассоциациясынын жетекчиси Улан Бактыгулов жарандарды өздөрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугу үчүн камсыздандыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырат.

"Учурда элдин камсыздандыруу маданиятын көтөрүү багытында бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Эл арасында камсыздандырууну салык сыяктуу кабыл алган жарандар бар. Белгилей кетсем, камсыздандыруу салыктын бир түрү эмес, бул кепилдик. Кандайдыр бир мүлктү, автоунааны же турак жайды камсыздандырганыбыз өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн. Анткени, коопсуздук алдын ала кам көрүүдөн башталат. Себеби, биз ар кандай кырсыктардан өзүбүздү алдын ала албагандыктан, бирок камсыздандыруу менен өзүбүздүн мүлктүн коопсуздугун алдын алсак болот. Бүгүнкү күндө канчалаган селдер жүрүп үйлөрдү алып кетип жатат. Ошолордун камсыздандырылгандарына кенемтелер төлөнүүдө. Кенемтеге салыштырганда жыл сайын төлөнүүчү төлөм өтө эле төмөн сумма. Камсыздандырууну миф эмес, реалдуулук катары карасак болот. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу эң биринчи кезекте турат. Негизинен түшүнгөндөр билип камсыздандырууда, түшүнбөгөндөр же түшүнгүсү келбегендер камсыздандырбай жүрүшөт", — дейт Бактыгулов.

Турак жайды камсыздандыруунун жол-жобосу

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, турак жайды камсыздандырууга үй ээсинин паспорту менен турак үйдүн техникалык паспорту талап кылынат. Камсыздандыруунун баасы шаарларда жылына 1224 сом, айыл жеринде 624 сомду түзөт. Төлөнүп бериле турган компенсация айылдарда 500 миң сомго, шаарда 1 млн сомго чейин.

Турак жайды жарандар https://osago.gso.kg/ сайты, MegaPay тиркемесиндеги “Менин үйүм” бөлүмү, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн камсыздандырса болот.

Андан тышкары, ар бир облустагы уюмдун кеңселери, мамлекеттик мекемелерде камсыздандыруу тармагынын кызматкерлери иш алып барат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 2026-жылга карата 1 млн 294 миң 964 турак жай катталган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 353 миң 841 үй ээси менен келишим түзүлүп камсыздандырылган. Мында жалпы турак жайлардын болжол менен 30 пайызы камсыздандырылган болот.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын санын өскөндүгүнө байланыштуу турак жайларды камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалар берилүүдө.

Адистердин айтымында, климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу өлкөдө сел, өрт сыяктуу кырсыктар көбөйүүдө. Мындай шартта камсыздандыруу жөн гана кошумча кызмат эмес, зарылдыкка айланууда. Камсыздандырылган турак жай ээлери чыгымдарын тез арада калыбына келтире алса, камсыздандырылбаган жарандар көбүнчө олуттуу каржылык кыйынчылыкка туш болушат. Арзан баасына карабастан жогорку коргоо мүмкүнчүлүгүн берген бул механизмди кеңири колдонуу — жарандардын жеке коопсуздугун гана эмес, жалпы экономикалык туруктуулукту да камсыздамакчы.