Улан Маматканов Кытай элчиси менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети Загрузка... 14 Май 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Буга байланыштуу өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири болгон маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап биргелешкен гуманитардык демилгелерди улантууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Улан Маматканов Кытай делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.