Ысык-Көлдө 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 03 Март 2026 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ысык-Көл облусун өнүктүү фонду

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Темир айылында жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду билдирди.

Курулуш толугу менен аталган фонддун эсебинен каржыланып, жалпысынан 70 млн 410 миң сом бөлүнгөн.

"Бала бакча 2 кабаттан туруп, 120 орунга ылайыкташкан. Мында балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышына бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Имарат керектүү эмеректер жана жабдыктар менен толук камсыз кылынды. Буга чейин бала бакчанын жоктугу айылдын негизги көйгөйлөрүнүн бири болсо, жаңы мекеменин ишке кириши менен бул маселе толугу менен чечилди.