Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү 1-июндан тарта калк жана бизнес үчүн электр энергиясы менен газдын тарифтерин орточо 9,9%га жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, жаңы тарифке ылайык, калк үчүн электр энергиясынын баасы 1 кВт/саат үчүн 600 сумдан 650 сумга чейин көтөрүлөт. Газдын баасы болсо 1 миң сумдан 1,1 миң сумга чейин өсөт.
Ишкерлер үчүн электр энергиясынын тарифи 1 миң сумдан 1,1 миң сумга чейин, ал эми газ 1,8 миң сумдан 2 миң сумга чейин жогорулайт.
Бул чара өкмөт пландаган тарифтик өзгөртүүлөрдүн үчүнчү этабы болуп саналат. Биринчи этап 2024-жылдын май айында ишке ашып, анда электр энергиясы 52,5%га, газ 71%га кымбаттаган.
Ошол эле учурда социалдык керектөө нормалары киргизилген. Ага ылайык, айына 200 кВт/саат электр энергиясына жана 100 куб метр газга чейин жеңилдетилген тариф колдонулат. Кыш мезгилинде газ үчүн бул чек 500 куб метрге чейин көбөйтүлөт. Белгиленген нормадан ашкан керектөө үчүн тарифтер бир нече эсеге жогору болот.
Экинчи этаптагы тарифтик өзгөрүүлөр 2025-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирген. Анда калк үчүн электр энергиясы 33%га, газ 54%га кымбаттаган.