Өзгөндө жер кыртышын бузган жаран айыпка жыгылды

Укук тартиби Загрузка... 03 Июль 2026 16:10
714410084_3859435010866336_6548838885405754781_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылында жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу жана анын катмарын бузуу фактысы аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Прогресс айылынын З.Т. аттуу тургуну болжол менен 100 чарчы метр жайыт жердин асылдуу катмарын өз алдынча сүрдүрүп салганы белгилүү болгон.

Жерди пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жаранга 3 миң сом айып пул салынып, жайыттын кунарлуу катмарын бузгандыгы үчүн 51 миң 120 сом өлчөмүндө доо эсептелди.