Жалал-Абад облусунун башчысы Сузакта 300гө жакын тургундун көйгөйүн укту

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга жалпысынан 300гө жакын айыл тургуну катышып, 50гө жакын жаран тарабынан 120 маселе көтөрүлдү.

Тургундар негизинен жайыт маселеси, ички жолдорду оңдоо, мектеп курулушу, мал уурулуктун алдын алуу, жер тилкелерине байланыштуу көйгөйлөр, кооптуу аймактарга кайрадан мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жеке укуктук маселелер боюнча кайрылышты.

Облус башчысы көтөрүлгөн маселелердин ар бирин тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте карап чыгып, аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Айрым маселелер боюнча жеринде түшүндүрмөлөр берилип, жооптуу кызматтарга көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.