"Жашыл шаар": Ошто 200 түп дарак көчөтү отургузулду

Аймак Загрузка... 18 Май 2026 09:00
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Навои көчөсүнө 300 түп катальпа дарагынын көчөтү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөттөр "Жашыл шаар" долбоорун колдоо максатында ишкерлер тарабынан алып келинди.

Дарактарды отургузуу иштерин Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери жүргүздү.

План боюнча быйыл шаар аймагына 20 миңге жакын дарак жана бадал, ошондой эле 1,5-2 млн түп гүл отургузуу пландалууда.