Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын элчиси Николас Боулерди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсү белгиленди.
Тышкы саясий ведомствонун башчысы 2024-жылы болуп өткөн сапарлардын мааниси тууралуу кеп кылып, алар кыргыз-британ өнөктөштүгүн сапаттык жактан чыңдоого салым кошконун, анын ичинде Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын Кыргызстанга болгон сапарын, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын Лондон шаарына болгон сапарын өзгөчө белгиледи.
Тараптар 2026-жылдын февраль айында Лондондо өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын ТИМ башчыларынын "С5+Улуу Британия" форматындагы биринчи жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, анын аймактык өз ара аракеттенүүгө жаңы дем бергенин айтышты.
Мындан тышкары, элчи Николас Боулер Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Тараптар ошондой эле кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, туризм жана санариптик тармактардагы кызматташууну өнүктүрүүнү, ошондой эле көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнү ырасташты.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Николас Боулерге эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.