Жети-Өгүздө 140 орундуу заманбап бала бакча курулууда

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 14:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 140 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 110 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1268 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу, 3 блоктон турган имарат курулууда. Учурда курулуш иштеринин 46 пайызы аткарылып, ички курулуш-монтаждоо иштерин баштоо алдында турат.

Жаңы бала бакчада балдардын тарбиялык сабак өтүүчү, уктоочу жана дарыгердин бөлмөлөрү заманбап шартта жабдылат. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампасы, ашкана, оюн бөлмөлөрү жана музыкалык-гимнастикалык сабактар өтүүчү залдар каралган.

Долбоор аймактагы социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга жана бөбөктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.