Өндүрүш кайра жанданат: "Жунда" заводун ишке киргизүү графиги каралды

Министрлер кабинети Загрузка... 19 Май 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун (ЖАК "Чайна Петроль Компани") ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө заводдун учурдагы абалы, анын технологиялык модернизациясынын жүрүшү жана өндүрүштүк циклди кайра баштоо графиги талкууланды. Ишкананын ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктун фонунда "Жунда" заводун ишке киргизүү маселеси өтө маанилүү болуп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында заводду чийки зат менен камсыз кылуу, экологиялык стандарттарды сактоо жана оңдоо иштерин аяктоо маселелери деталдуу каралды.