Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында Urban Expo көргөзмөсүндө Кыргызстандын ири курулуш жана экологиялык долбоорлору сунушталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) алкагында уюштурулууда.
Анда министр Нурдан Орунтаев өлкөнүн павильонунда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында ишке ашырылып жаткан заманбап туристтик комплекстердин жана төрт мезгилдүү резиденциялардын эскиздик макеттерин тааныштырды.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тамчы айылындагы 100 гектар аянтка курулуп жаткан ири долбоорлордун катарына Tamchy Resort, Urpaq Resort жана премиум-класстагы Elizaveta Resort комплекстери кирет. Бул объекттердин өзгөчөлүгү — аймактын 30 пайызына гана курулуш түшүп, калган 70 пайызы жашыл зоналарга жана эс алуу инфраструктурасына багытталат.
Мындан тышкары, кыргыз павильонуна Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору да коюлуп, ал экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана “жашыл” технологияларды өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам катары сунушталды.
Эске салсак, аталган форумда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, тоолуу шаарларды туруктуу өнүктүрүү боюнча Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесин көтөргөн.