Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Жасалма интеллект технологияларын билим берүү процессине киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар подкаст” программасында илим, билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Анын айтымында, учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү жасалма интеллектти мектептик билим берүүдө активдүү колдонуп баштады.
“Жалпыга маалым болгондой, бул багытта АКШ жана Кытайдын ири компаниялары алдыда. Кытайда 6 жаштан, ал эми АКШда 8 жаштан баштап билим берүү системасында колдонулууда. Биз дагы бул боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Google платформаларындагы курстар, ошондой эле Кытайдын Huawei компаниясынын 300 миңден ашуун лекциясы материал катары каралууда”, — деди ал.
Бул багытта кызматташууну күчөтүү максатында министрликтин алдындагы Инновациялык борборду модернизациялап, аны технологияларды трансфер кылуучу борборго айлантуу пландалууда.
Министрдин белгилешинче, бул борбор дүйнөдөгү алдыңкы технологияларды билим берүү процессинде, илим тармагында жана студенттик стартаптарды өнүктүрүүдө колдонууга шарт түзөт.